Орус-Кыргыз техникалык университеттеринин консорциумунун XII жалпы чогулушу болуп өттү
RU

Орус-Кыргыз техникалык университеттеринин консорциумунун XII жалпы чогулушу болуп өттү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 20-сентябрда Ысык-Көл облусунун Булан-Соготту айылында Орус-Кыргыз техникалык жогорку окуу жайларынын консорциумунун XII жалпы чогулушу өттү.

Билим берүү жана илим тармагындагы эл аралык кызматташтыктын маанилүүлүгүн белгилеген иш-чарага Россия Федерациясынан 40 жогорку окуу жайдын жана Кыргыз Республикасынан 15 жогорку окуу жайдын өкүлдөрү катышты.

Жолугушуунун негизги максаты - консорциумдун отчёттук мезгилдеги ишинин жыйынтыктарын талкуулоо, ошондой эле Россия менен Кыргызстандын окуу жайдарынын ортосундагы кызматташтыктын мыкты тажрыйбасын көрсөтүү болду. Катышуучулар эки өлкөнүн ортосундагы байланыштарды бекемдөөгө жардам берген жетишкендиктерди жана биргелешкен долбоорлорду белгилешти.

Жолугушууда негизги маселелер, анын ичинде тажрыйба алмашуу учун жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачуу максатында Иркутск улуттук илимий-техникалык университетин жана И. С. Тургенев атындагы Орлов мамлекеттик университетин консорциумга мүчөлүккө кабыл алуу талкууланды.

Мындан тышкары Тамбов мамлекеттик техникалык университети менен И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин ортосунда мындан аркы өз ара аракеттенүүсүнө жана биргелешкен билим берүү программаларын өнүктүрүүгө негиз боло турган келишимге кол коюлду.

Жолугушууда 2024-2025-окуу жылына карата иш перспективалары боюнча кызуу талкуу жүрүп, катышуучулар билим берүүнүн учурдагы тенденциялары жана инновациялык окутуу усулдары боюнча пикир алмашышты.

Ошентип Орус-Кыргыз техникалык университеттеринин консорциумунун XII жалпы жыйыны эки өлкөнүн билим берүү мекемелеринин кызматташтыгын чыңдоонун маанилүү этабы болуп, келечектеги биргелешкен долбоорлордун жаңы перспективаларын түздү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17416