"Бул сен үчүн эмес". Эмне үчүн аялдар азыркыга чейин эле хобби жана кесип тандай алышпайт?
RU

"Бул сен үчүн эмес". Эмне үчүн аялдар азыркыга чейин эле хобби жана кесип тандай алышпайт?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кымбат Өмүрбекова азыр 19 жашта. Ал 12 жашынан бери футбол ийримине катышып келет.

"Негизи бала кезимден эле балдар менен футбол ойночумун. Кийин Караколдо футбол боюнча кыздардын ийрими бар экенин билдим. "Мен ыйлап, суранып жатып, акыры апам ошол ийримге мени алып барды", – дейт Кымбат Өмүрбекова.

Баары ошондой жөнөкөй болгонбу? Кымбат өзү башынан эле, ал тургай эшиктин алдында топ тээп ойноп жүргөндө эле футбол кыздар үчүн эмес экенин угуп келчү.

"Биз балдар менен көп учурда талашып-тартышып калчубуз. Алар мени кыз болгонум үчүн командага кошкулары келчү эмес. Ошол себептен мен футбол ойной ала турганымды далилдеп турганга мажбур болчумун", - дейт Кымбат.

Азыр Кымбат Өмүрбекова профессионалдуу футболчу. Ал улуттук курама команда үчүн ойнойт. Бирок, ошентсе да кыз киши өзүнө жаккан нерсени кылууга укуктуу экенин далилдөөнү улантууга аргасыз.

Эмне үчүн кыздар менен аялдар көпчүлүк учурда өздөрүнө хобби жана кесип тандай алышпайт? Кырдаалды кантип өзгөртүү керек жана бул өзгөртүүлөрдүн зарылчылыгы барбы? Бирге карап чыгалы.

Гендерлик теңчилик боюнча адис Зулфия Көчөрбаева маселе спорттун түрлөрүн аялдардыкы жана эркектердики деп бөлүүдө жатканын белгилейт.

"Ооба, бүгүнкү күндө бул бөлүнүү кайра каралууга муктаж. Буга чейин эркектер үчүн гана болгон спорттун айрым түрлөрү аялдар үчүн жеткиликтүү болуп калганын көп угуп жатабыз", - дейт Көчөрбаева.

Бирок процесс өтө жай жүрүп жатат. Бул арада мамлекет салттуу түрдө эркектерге тиешелүү деп саналган спорт түрлөрүнө активдүү колдоо көрсөтүүдө.

"Азыр кайсы айылда же кайсы мектепте болбосун футбол ойной турган стадиондор бар. Бирок ошол эле учурда кыздар активдүү катыша турган спорттун түрлөрү - теннис же волейбол аянтчалары бир топ аздык кылат", - деп белгилейт Көчөрбаева.

Ал ошондой эле эң чоң акчалай байгелер менен массалык мелдештер адатта эркектерге тиешелүү спорт түрлөрү боюнча өткөрүлө тургандыгына көңүл бурууга чакырат.

"Бул бүгүнкү күндө балдарды бир жактуу колдоо бар экенинен кабар берет. Эгер кыздар спорт менен машыгууну кааласа, адатта, алар акы төлөнүүчү ийримдерге барышат, алыс жолду басып ийримдерге барууга туура келет же машыктыруучулар аз", - дейт Көчөрбаева.

Жалпысынан мындай чектөөлөр кыздардын жана аялдардын ден соолугуна кам көрүү менен түшүндүрүлөт. Анын үстүнө бул сындуу теңсиздик мамлекеттик деңгээлде расмий түрдө колдоого алынат. Алсак, Кыргызстанда аялдарга мыйзам боюнча тыюу салынган кесиптердин тизмеси дагы деле бар. Түшүндүрмөдө бул жумуштардын бардыгы оор же ден соолукка зыяндуу эмгек шарттарына байланыштуу деп айтылат.

Маалымат үчүн: 1978-жылы СССРде аялдардын эмгегин колдонууга тыюу салынган эмгек шарттары оор жана зыяндуу тармактардын, кесиптердин жана жумуштардын тизмеси кабыл алынган. Тизмеде 456 пункт бар. Тыюу салынган кесиптердин тизмеси 20-кылымдын экинчи жарымында СССРде күчөгөн демографиялык кризиске жооп болгон. Ага себепчи болгон бир катар факторлор булар эле: Улуу Ата Мекендик согуштун "демографиялык жаңырыгы", урбанизациянын жогорку темпи жана ажырашуулардын санынын өсүшү. Дал ушул тизме (1987 жана 1990-жылдардагы түзөтүүлөр менен) постсоветтик мамлекеттерде бул сыяктуу документтердин пайда болушуна негиз болгон.

"Бул тизме бүткүл Советтер Союзуна мүнөздүү болгон. Ошондуктан анда алгач Кыргызстанда көрсөтүлбөгөн кесиптер камтылган. Мисалы меште болот эритүүчү же кеме каражаттарын жасоочу жез устасы. Экинчи жагынан, андан бери "Көптөгөн кесиптер физикалык жактан оор же кооптуу болбой калды, анткени технологиялар өнүгүп, эмгек шарттары жакшырып баратат. Бирок бул өзгөрүүлөрдүн баары азыркы документте эске алынган эмес. Натыйжада 446 кесип Кыргызстандагы аялдар үчүн расмий түрдө жеткиликтүү эмес. Бул дүйнөдөгү эң жогорку көрсөткүчтөрдүн бири", - дейт Кен казуу тармагынын ачык-айкындыгына байкоо салуу боюнча кеңештин мүчөсү Назик Иманбекова.

Технологиянын кандай өзгөрүп жатканын бул эки сүрөттөн байкасаңыз болот.

Маалымат үчүн: Дүйнөлүк банктын 2018-жылдагы изилдөөсүнө ылайык, кеминде 104 өлкөдө (анализге алынган 189 өлкөнүн ичинен) аялдардын айрым тармактарда иштөө укугун чектеген мыйзамдар бар. Тоо-кен тармагында иштөөгө 65 өлкөдө тыюу салынган. Аялдар ошондой эле өндүрүш (47 өлкө), курулуш (37 өлкө), энергетика (29 өлкө), айыл чарба (27 өлкө), суу чарба (26 өлкө) жана транспорт (21 өлкө) сыяктуу тармактарда иштөөдө чектөөлөргө туш болушат. Учурда БУУнун бирдей укуктар боюнча конвенциясына карама-каршы келген бул тизмелерди кыскартуу, керек болсо жоюу боюнча активдүү иштер жүрүп жатат. Кыргызстанда, ошондой эле бүткүл СССР боюнча жарактуу тизме 1978-жылы пайда болгон. Бул тизме Кыргыз Республикасы эгемендүүлүк алгандан кийин деле күчүндө болгон. Кийин 2000-жылы жарлык чыгып, аялдарга тыюу салынган кесиптердин советтик тизмеси дагы бир жолу мыйзамдаштырылган. Ага 2005 жана 2012-жылдары өзгөртүүлөр киргизилген. Бирок алар кесиптердин өзүнө эмес, кээ бир юридикалык сөздөргө гана тиешелүү болгон: "тизме" деген сөз "тизмек", "жобо" деген сөз "документ" деген сөзгө алмаштырылган.

"Кыргызстан ратификациялаган экономикалык, социалдык жана маданий укуктар боюнча эл аралык пактыга ылайык, ар бир адам "өзү тандап алган же өзү, эч кимдин мажбурлоосу жок кабыл алган жумуш менен жан багуу мүмкүнчүлүгүнө" укуктуу. Тыюу салынган кесиптердин тизмесин жоюу аялдардын бул кесиптерди аркалоосуна мажбурлоо дегенди билдирбейт, алар жөн гана тандоо укугуна ээ болорун, эгер кааласа, алар каалаган жерде иштей ала тургандыгын баса белгилей кетүү зарыл.

Бул кесиптер аялдар үчүн зыяндуу деген кеп тууралуу айта турган болсок, мамлекет да, иш берүүчүлөр да бардык адамдардын: аялдар менен катар эркектердин да ден соолугуна кам көрүшү керек деп айтат элем. Эмгек шарттарын жакшыртуу зарыл. Ал эми адам мүмкүн болуучу тобокелдиктерди билип, андан кийин гана тандоо жасап, өз алдынча чечим кабыл алышы керек. Мамлекет бул чечимди бир адам үчүн кабыл алган болсо, анда бул түздөн-түз басмырлоого алып келет", - дейт медиа эксперт Алия Мамбеталиева бул тизмени толук алып салууну жактай турганын баса белгилеп жатып.

Кош стандарттуулукпу?

СССРде "эркекке тиешелүү" кесиптерге аялдар үчүн дайыма эле тыюу салынбаганын баса белгилеп кетүү керек. Керек болсо, аялдарды мындай жумушка жигердүү үндөгөн учурлар кездешкен. Бул төңкөрүштөн кийин жана согуш жылдарында өлкөдө жөн эле жумушчулар жетишсиз болгон кезде уюштурулган.

Мында көңүл бура турчу дагы бир олуттуу карама-каршылык бар дейт, Назик Иманбекова.

"Аялдарга кесиптин айрым түрлөрүнө тыюу салуу жөнүндө советтик документте бул токтом ишке ашырылган кезде жеңилдиктер, акысыз кайра даярдоо жана окутуу, өргүүдөгү жөлөкпулдар жана пенсияга кошумчаларды эсептөө жөнүндө деталдуу тизме бар болчу. Бирок эгемен Кыргызстанда кабыл алынган резолюция эмгек шарттарын жакшыртууну, шарттарды түзүү жана иштен зыян алуу коркунучун азайтууну көздөбөйт, ал аялдардын эмгек мүмкүнчүлүктөрүн чектөөгө гана багытталган", - деп түшүндүрөт Иманбекова.

Аялдар үчүн тыюу салынган кесиптердин тизмесин жокко чыгаруу тажрыйбасы

  • Арменияда тизме 330 адистиктен турган. Ал 2007-жылы улуттук мыйзамдарды Евробиримдиктин мыйзамдарына шайкеш келтирүүнүн алкагында жокко чыгарылган. Учурда Армениянын эмгек мыйзамдары кош бойлуу аялдарды жана бир жашка чейинки баланы баккан аялдарды эмгек шарты кооптуу жумуштарга тартууга тыюу салат.
  • Грузия улуттук мыйзамдарын Евробиримдиктин мыйзамдарына ылайык келтирүү процессинин алкагында аялдарга тыюу салынган кесиптердин тизмесин жокко чыгарды. Азыр Грузияда кош бойлуу жана бала эмизген аялдарды оор, кооптуу жумуштарда жана кооптуу шарттарда иштөөгө тыюу салынган.
  • Украинада аялдар үчүн тыюу салынган кесиптердин тизмеси аталган өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин 1993-жылдын 29-декабрындагы буйругу менен бекитилген жана ал өзүнө 458 кызмат ордун камтыган. Анын таасири 2017-жылга чейин жетип, ошол жылы тизме толугу менен жокко чыгарылган.
  • Молдовада тизме 331 кесиптен турган. Ал 2017-жылы жокко чыгарылган.
  • Азербайжанда 1999-жылдан бери 38 тармакта 678 иштин түрүнө тыюу салынган - бул постсоветтик өлкөлөр арасындагы эң чоң тизме болгон. Үстүбүздөгү жылдын июль айында тизме толугу менен жокко чыгарылды.
  • Казакстанда алгач тизмеге 289 кесип кирген. Аталган тизме 2019-жылы 219га чейин кыскарса, 2021-жылы ал толугу менен жокко чыгарылган.
  • Белоруста 2014-жылы аялдарга тыюу салынган кесиптердин тизмеси 252ден 181ге кыскарган.
  • Россияда 2021-жылдан бери аялдар үчүн тыюу салынган кесиптердин тизмеси дээрлик беш эсеге кыскарган – алгач тизме 456 болсо, учурда 98 жумуш түрүн камтыйт.
  • Өзбекстанда 2019-жылдын 1-майында аялдардын иштөөсүнө тыюу салуулар жоюлуп, көп өтпөй ошол эле тыюу салынган жумуштардын тизмеси жарыяланып, эми гана ал "сунуштоо мүнөзүнө" ээ болду. Анын курамына 453 кесип кирет.
  • Тыюу салуулар Тажикстан, Түркмөнстан жана Кыргызстанда уланып келет. Бирок Кыргызстанда учурда Конституциялык сот тыюу салынган кесиптердин тизмеси Кыргыз Республикасынын Конституциясына шайкеш келээрин кароонун үстүндө.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги да бул тизмени жокко чыгаруу аракетин көрүп жатат.

"Аял кызматкерлерге карата басмырлоо саясатын жоюу боюнча эмгек мыйзамдарына кеңири талдоо жүргүзүлүп, эмгек мамилелери чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актынын долбооруна тиешелүү сунуш даярдалды", - дейт Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Эмгек бөлүмүнүн башчысы Гүлназ Исаева. - Анын ичинде "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин ишке ашыруу жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамынын долбоору иштелип чыкты. Жаңы Эмгек кодексинин негизги максаты эмгек мамилелеринин субъекттеринин укуктарын жана таламдарын коргоо, эмгек мамилелеринин катышуучуларынын таламдарынын тең салмактуулугуна, экономиканын өсүшүнө, өндүрүштүн натыйжалуулугун жана элдин жыргалчылыгын жогорулатууга багытталган зарыл укуктук шарттарды түзүү болуп саналат. Мунун негизинде жаңы Эмгек кодексинде ден соолукту коргоо, ошондой эле энеликти коргоо алкагында бир катар чаралар сунушталууда. Атап айтканда, кош бойлуу жана бала эмизген аялдарды оор жумуштарда жана эмгек шарттары зыян жана (же) кооптуу жумуштарда, ошондой эле жер астындагы жумуштарда иштөөсүнө тыюу салынган кесиптерди жана иштин түрлөрүн, ошондой эле алар үчүн жол берилген максималдуу ченемдерден ашкан оор жүктөрдү көтөрүү жана кол менен жылдыруу менен байланышкан жумуштарды аныктоо. Буга ылайык, аялдардын ишке орношуусуна жана ишмердүүлүктүн ар кандай түрлөрүнө чектөө чаралары энени коргоо максатында гана колдонулат".

Бул кырдаалды кантип жөнгө салууга болот?

Зулфия Көчөрбаева биринчи кезекте жалпы коомчулуктун да, ата-энелердин да көз карашын өзгөртүү керек деп эсептейт.

"Бул үчүн бизде балдарга болгон мамиле өзгөрүшү керек. Тилекке каршы, азыр бизде ал жөнгө салына элек. Башкача айтканда чоңдор, биз балдарга инсан катары калыптанышына жардам бербейбиз. Бирок биз буга милдеттүүбүз. Ал эми бул маселеде кыздарга болгон мамиле андан да оор. Эркек балдардын кызыкчылыгы, алардын пикири эске алынышы мүмкүн. Бирок кыздардыкы менен такыр эсептешпейбиз", - дейт Көчөрбаева.

Анын пикирине Назик Иманбекова менен Алия Мамбеталиева кошулат. Адистердин айтымында, алар бир нече жолу ар кандай изилдөөлөрдү жүргүзүшкөн. Алардын баары хобби же кесип тандоого келгенде көптөгөн стереотиптер таасир этерин айгинелейт.

"Тилекке каршы, бизде аялдар менен эркектердин ролунун ортосунда так чектер чийилип калган. Бул чектер коомдо аял тоо-кен өндүрүшү сыяктуу тармактарда иштей алат деп айтууну кыйындатат. Бул тууралуу кеп козголгондо эле - шарты начар, суук, айымдарга ылайык келбейт деп айта башташат. А бирок, ошол эле ишканаларда азыр деле аялдар иштеп жатканын эч ким байкабайт. Аялдар тейлөө тармагында – тазалоочу, ашканада кызматкер болуп иштеп жатышат. Бул кызматтардын айлыгы аз. Мына ушул ой жүгүртүүнү өзгөртүү керек. Анткени көпчүлүк аялдар ушул эле тизменин жоюлушуна каршы чыгышты, бул өтө парадоксалдуу көрүнүш", - деп баса белгиледи Алия Мамбеталиева.

Гүлжан Тургуналиева Royal Construction компаниясында кран айдап иштейт.

"Мен ар дайым чоң техникаларды жакшы көрчүмүн жана дайыма аны менен байланышкан жумушту кыялданчумун. Бирок ата-энем буга каршы болушкан. Апам менин дарыгер же мугалим болушумду каалаган. Атам юрист же финансист болушумду тилечү. Ошол себептен мен финансы факультетине тапшырууга мажбур болдум. 3-курста окуп жүргөндө документтеримди алып, биздин окуу жайга тапшыргандан кийин ата-энеме өзүм жактырган кесипти окуй турганымды айтып койдум", - дейт Гүлжан.

"Кыйынчылыктын баары артта калды деп ойлочумун. Эми мен каалаганымды кылам деп жүргөм. Көрсө, кыйынчылыктар али алдыда экен. Алгачкы алты ай кранчы болуп иштегенимде, кесиптештеримдин бири жетекчиликке келип, мындай жумушта жаш аял иштебеши керектигин айтты. Мындан улам, оор техника менен иштей ала турганымды далилдөөгө мажбур болдум. Азыр эми жетекчилер, тескерисинче, мен коопсуздук чараларына олуттуу мамиле жасап, эркек кранчылардай эле ишенимдүү иштеп жатканымды айтып жатышат."

Гүлжан аялдарга тыюу салынган кесиптердин тизмеси бар экенин билет, бирок коркпой, укугубузду коргошубуз керек деп эсептейт.

"Азыр коркпогон, өз алдынча боло алган аялдар көп. Жумуш үчүн эркексиңби же аялсыңбы, айырмасы жок. Эң башкысы сенин жөндөмүң жана каалооң. Ошондо баары ойдогудай болот", - дейт Гүлжан.

Эмне үчүн кырдаалды өзгөртүү керек?

"Кеп кыздын спортту тандоосуна жол бербөө менен анын спорттук карьерасына тоскоол болуп жатканыбызда эмес", - дейт Көчөрбаева.

"Маселе башкада - кызда башкадан көз каранды болгон комплекс калыптанып калат. Мындан улам ал жабырлануучу тактикасына өтүп алышы мүмкүн. Келечекте мындай кыз өзүнүн жөндөмдүүлүгүнө ишенбейт жана жеке жашоосунда, үй-бүлөсүндө, жумушта, профессионалдык карьерасында өзүн түшүнбөй калат. Биз муну менен кызга заман талабына туура келген көндүмдөрдү калыптандыруусуна жол бербей жатабыз. Балага да, кызга да - өзүн-өзү өстүрүүгө шарт түзүү менен аларга келечекте өз максатын ишке ашырууга мүмкүнчүлүк бере турган негизди түптөйбүз. Балдарыбыз аракет кылсын, үйрөнсүн, биринчи жолу бир нерсе жасасын. Ошентип биз аларга лидерлик сапаттарды, айлана-чөйрөгө каршы туруу көндүмдөрүн, өз тандоосу жана жасаган иштери үчүн жоопкерчиликти алууну үйрөтөбүз. Эгер биз, тескерисинче, социалдык стереотиптерди жана кээ бир эрежелерди кармансак, анда биз ар дайым жактырууну гана күтө турган, башканын пикирине көз каранды болгон балдарды тарбиялайбыз. Албетте, мындай шартта кыз келечекте көп сандагы кыйынчылыктарга дуушар болушат. Ал адамды бат эле сындырып коёт. Андыктан балдарыңызга ишениңиз, аларга дем бериңиз, аларга кыялын ишке ашырууга мүмкүнчүлүк түзүңүз", - дейт Зулфия Көчөрбаева.

Талдоочу бул маселеде мамлекет дагы активдүү позицияны карманышы керектигин баса белгиледи.

"Мындай көңүл буруу жана колдоо канчалык көп болсо, ата-энелердин да кыздарын ушундай секцияларга берүү мүмкүнчүлүктөрү арбып, кийин көптөгөн кыздар ушул сыяктуу кесиптерди тандашат", - Көчөрбаева.

Эркектерге тийиштүү делген кесиптерде аялдардын иштөөсүн чектөөнү алып салуу аялдардын кирешесин олуттуу көбөйтүүгө жол берет, мисалы, тоо-кен тармагында иштегендерге айлык жакшы төлөнөт.

Кыргызстанда акыркы 10 жылда бул темада активдүү талкуулар жүрүп жатат. Эл аралык уюмдар, анын ичинде БУУ жана Эл аралык Эмгек Уюму бул жобону басмырлоочу мүнөзүнөн улам жокко чыгарууну сунуштап жатышат. Алар айрым кесиптерде иштөөдө аялдарга бирдей мамиле жасалбайт" деп, төмөнкү аргументтерди келтиришет:

  • Оор өнөр-жай ишканаларында жана комплекстүү өндүрүш объектилеринде эмгек шарттарын жакшырткан, жумушчулардын ден соолугуна терс таасирин тийгизүү коркунучун азайткан жана жалпысынан алардын ишин жеңилдеткен жаңы прогрессивдүү технологиялардын пайда болушу жана ишке ашырылышы;
  • ишке орноштурууда жаңы мыйзамдарга ылайык эскирген кесиптерди, ички карама-каршылыктарды, ченемдик укуктук актылардагы боштуктарды жоюу;
  • тизмедеги бардык тармактар, жумуштар, кесиптер жана кызматтар аялдардын ден соолугуна түздөн-түз таасирин тийгизбейт;
  • эреже катары кооптуу кесиптер үчүн эмгек акы жогору, бул аялдар менен эркектердин ортосундагы эмгек акынын айырмасын жогорулатат;
  • бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөгө мамлекеттин адамдык жана финансылык ресурстары жок, демек, бул формалдуу гана мүнөзгө ээ;
  • тигил же бул себептерден улам балалуу болууну каалабаган же төрөй албаган, балалуу болгон жана дагы көп балалуу болууну пландабаган аялдардын катмарына мисал келтирилген;
  • акыр аягы аялдар ыктыярдуу түрдө же бейрасмий түрдө тизмедеги ишмердүүлүк менен алектенип келишет.

Эмгек рыногунда аялдарга бирдей шарттарды камсыз кылуунун маанилүүлүгүн, экономика боюнча 2023-жылдагы Нобель сыйлыгынын өмүрүн эмгек рыногундагы гендердик теңсиздиктин себептерин изилдөөгө арнаган Гарвард университетинин профессору Клаудия Голдинге ыйгарылганы да далилдейт.

Нобель комитетинин билдирүүсүндө Голдин "эмгек рыногундагы гендердик айырмачылыктардын негизги себептерин ачып берген" жана гендердик маянадагы ажырымдар менен жумуштуулук көрсөткүчтөрү кылымдар бою кандай өзгөргөнүн ар тараптуу баяндаган биринчи адам болгондугу үчүн сыйланганы айтылат. Ошондой эле эркектердин орто эсеп менен көбүрөөк киреше алып келе жатышынын жана аялдардын дүйнөлүк эмгек рыногунда аз көрсөтүлүшүнүн себептери белгиленген.

Дүйнөдө аялдар эркектерге караганда эмгек рыногуна азыраак тартылган: Дүйнөлүк банктын маалыматы боюнча аялдардын 50%ы эркектердин 80%ына салыштырмалуу иштейт же жумуш издеп жүрөт. Азиянын, Жакынкы Чыгыштын жана Түндүк Африканын кээ бир өлкөлөрүндө бул ажырым 50 пайыздан ашат. Мындан бир кылым мурда Түндүк Америкада жана Европада да ушундай болгон - аялдардын эмгекке катышуусунун өсүшү, балким, өткөн кылымдагы эң маанилүү экономикалык жана социалдык өзгөрүүлөрдүн бири болгондур.

Эмгек рыногунда аялдарга бирдей мамиле кылынбаганы калыстыктын гана эмес, экономикалык натыйжалуулуктун да маселеси. Мүмкүнчүлүктөрдүн теңсиздиги, адамдар өздөрүнүн жөндөмүнө жана талантына ылайыктуу жумуш менен алектенбесе, коом үчүн чоң чыгым алып келет. Мисалы 2015-жылы McKinsey эсептөөлөрү боюнча, он жылдын ичинде дүйнөдө толук гендердик паритетке жетишүү дүйнөлүк ИДПнын төрттөн бир кошумча өсүшүнө алып келет. Буга ылайык, жөн гана эмгек рыногунда гендердик теңчиликке жетишүү менен Кыргызстан экономикалык өсүшкө олуттуу таасирин тийгизет. Муну кичинекей нерседен, мисалы өз балаңызга хобби, спорт жана кесип тандоо укугун берүүдөн баштасаңыз болот.

Бул басылма Америка Кошмо Штаттарынын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) аркылуу Америка элинин жардамы менен жарык көрдү. Kaktus.media басылманын мазмуну үчүн жооптуу, ал USAIDдин же АКШ өкмөтүнүн көз карашын чагылдырбайт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/14959