Кыргыз-өзбек чек арасын демаркациялоо боюнча жумушчу топтор протоколго кол коюшту
2514
Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү. Бул туурасында министрлер кабинетинен кабарлашат.
23-декабрдан 27-декабрга чейин созулган жолугушууда тараптар кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо иштерин жөнгө салуучу укуктук жана техникалык документтердин долбоорлорун даярдады. Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өттү.
Иш-чаранын жыйынтыгында протоколго кол коюлду. Кийинки жолугушуу Өзбекстандын аймагында өтөт.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://m.kaktus.media/9736