Таласта 14 жаштагы окуучу асынып алган. Ата-энесинин доосу жок
1921
Таласта 14 жаштагы окуучу асынган абалда табылды. Анын өлүмү тууралуу милицияга 2 күндөн кийин кабарланганын Kaktus.media`га Талас ОИИБден билдиришти.
Тема боюнча:
Маалымдалгандай, 19-декабрда милицияга 8-калсстын окуучусунун жансыз денеси табылганы кабарланган.
Бакай-Ата районунун Кыргызстан айылында өспүрүм турак үйдүн короосунда асынып алганы такталган. Туугандары окуучуну жерге беришкен. Ата-энеси эч кимге доосу жок экенин айтып, экспертиза жасатуудан баш тарткан.
Милиция кызматкерлери бул факты боюнча териштирүү иштерин жүргүзүүдө.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://m.kaktus.media/9660