ГУМ соода борбору 23 жаштагы жигиттин эскалатордон кулап түшкөнүн четке какты
RU

ГУМ соода борбору 23 жаштагы жигиттин эскалатордон кулап түшкөнүн четке какты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги ГУМ "Чынар" соода борборунда 23 жаштагы жигит эскалатордон кулап түшкөнү кабарланган. Аталган борбордун администрациясы эскалатордон эч ким кулабаганын бирок башка окуя болгонун билдиришти.

Алардын айтымында, коопсуздук кызматкери текшерүү учурунда 1-кабаттын кире беришине түшүп калган нерселерди тапкан. Коопсуздук кызматкери буюмдарды алууга аракет кылып жатканда кулап түшкөн. Ал эскалатордон кулаган эмес.

Соода борбордун администрациясы коопсуздук кызматкерине медициналык жардам көрсөтүлгөнүн жана анын абалы жайында экенин кошумчалашты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/9186