Тажик тарап жардырган көпүрө жакка барышкан. Баткенде 38 жаштагы сержант каза тапты
Баткендеги куралдуу кагылышта 5 баланын атасы Ачылбек Ташбеков каза тапты. Бул туурасында маркумдун карындашы Kaktus.kg сайтына билдирди.
Айтымында, агасы Ак-Сай аймагында каза тапкан.
"Мен ооруканада медайым болуп иштейм. Бизге жабыркагандарды, каза болгондорду алып келип жатышкан. 17-сентябрда түндө агамдын фамилиясын угуп калдым, барып сөөктүн бетин ачсам агам экен. Бетинин баары көк ала. Андан башка кандай жаракат алганын билбейм. Буту-колдорум калтырап, туугандарга кабар бергенче атам келип сөөктү алып кетти. Андан бир күн мурда эле атам агамды сураштырып баштаган. Угушубузча, агам командасы менен тажик тарап жардырган Ак-Сай айылындагы 36 метрлик көпүрө жакка барышкан. Көпүрө жардырылып, андан ары өтүүгө мүмкүн болбой артка кайтканда тажик тарап ок аткан. Агамдан тышкары да көз жумгандар бар", - деди ал.
Ачылбек Ташбеков Баткендин Базар-Башы кварталынан болот. 1984-жылы туулган, үй-бүлөлүү, 5 баланын атасы болчу. Баткендеги 707-аскер бөлүгүнүн улук сержанты болуп кызмат өтөп жүргөн. Анын сөөгү кечээ, 17-сентябрда саат 18:00дө жерге берилди.
Kaktus.kg сайты Ачылбек Ташбековдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.