Сокулукта 15 жаштагы кыз үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда
2907
Чүйдө 15 жаштагы Азиза Галжигитова 4 күндөн бери изделүүдө. Анын жүргөн жери дайынсыз болгондуктан жакындары жана милиция коомдон жардам сурайт.
Маалым болгондой, Сокулук РИИБине Азиза Галжигитованын жакындары арыз менен кайрылган. Анда өспүрүм кыз 5-сентябрда саат 13:30 чамасында үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайра кайтып келбегени айтылат.
Изделип жаткан кыздын белгилери: бою 155-160 сантиметр, арык, чачтары кара жана кыска.
Ошол күнү кийип жүргөн кийимдери: агыш түстөгү футболка, жынсы шым, спорттук бут кийим.
Сүрөттөгү кызды көргөн, билгендер болсо кабарлап коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт. Байланыш номерлери: 0312 60-75-67, 03134 5-33-80, 0558 86-14-86.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://m.kaktus.media/8285