22 жаштагы кытайлык студенттин жансыз денеси табылды
RU

22 жаштагы кытайлык студенттин жансыз денеси табылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги жогорку окуу жайлардын биринде билим алган кытайлык студенттин сөөгү суудан табылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, 22 жаштагы Сай Тундун жансыз денеси 25-августта Каракол капчыгайында аныкталды.

Белгилүү болгондой, 2000-жылы туулган кытай жараны Сай Тун Бишкек шардык гуманитардык университетинин 3-курсунун студенти болгон. Анын жоголгондугу тууралуу маалымат алгач ИИМге 1-августта түшүп, милиция тарабынан издөө иши 18-августка чейин уланган. Ушул эле күнү издөө ишине куткаруучулар да тартылган.

25-август күнү саат 15:59да Каракол капчыгайында сууда жансыз дене жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине 5 куткаруучу, ИИМден 8 кызматкер тартылып, суудан кытай жаранын сөөгү чыгарылды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/8101