Өз жанын кыйгысы келген келин: Жолдошум менен жараштык, ар бир үй-бүлөдө кол көтөрүү болот
25-июнь күнү Ош шаарындагы Сулайман-Тоодо аял өз жанын кыюуга аракет кылган. Бирок куткаруучулар 27 жаштагы Айгерим Эмилбек кызын сактап калышкан. Кийин ал күйөөсү көп ур-токмокко алганын, жада калса комага түшүп калган учурлары болгонун да айтып чыккан.
Ал эми бүгүн кайрадан жолдошу менен жарашып алганын, күнөө өзүнөн кеткенин айтты.
"Биз сүйлөшүп, балдарыбыз үчүн чогуу калууну чечтик. Экөөбүздүн ортобузда көп келишпестик болду. Аларга мен да күнөөлүүмүн. Жолдошумдун сөзүн укпай койгом, көп карыз болуп кеткем. Ошентип жаңжал чыккан. Ар бир үй-бүлөдө эле кол көтөрү болот. Мага кордук көрсөтүп жатат деген адам эмнеси болсо да төрт баламдын атасы, биздин жашообузга кийлигишип жатат деген туугандары балдарымдын эжеси, агасы. Эң негизгиси азыр бизде бары жакшы. Бул чечимди балдарымды көргөндөн кийин кабыл алдым", - деген ал.
Мен үчүн кабатыр болуп, мен тараптуу болуп жаткандар үчүн азыр кечирим сурайм жана бизде мындан ары бары жакшы болот деп жыйынтыктады.