19 жаштагы кыз унаа уурдап, кырсыкка кабылган
Бишкекте унаа уурдоого шектелип 19 жаштагы Э.С кармалды.
Ленин РИИБинин маалыматына ылайык, 17-март күнү борбор калаанын тургуну милицияга кайрылып, 2022-жылдын 16-мартына караган түнү саат 04:30дар чамасында белгисиз адам анын унаасын уурдап кеткендигин билдирген. Маалыматка ылайык айдоочу бир кыз такси чакырганын айткан. Белгиленген жерден унаанын айдоочусу дүкөнгө кеткенде жүргүнчү кыз Mitsubishi Carisma унаасын уурдап кеткен.
Аталган факты Бишкек шаарынын Ленин райондук ИИБне катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин "Автоунаа уурдоо" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.
Уурулукка шектелген кыз 2003-жылы туулган Э.С. жаран экени аныкталган. Ал бир айга камакка алынып, СИЗО-1ге камалды.
Ошондой эле, Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери кылмышка шектүү жарандын жол кырсыгына кабылганын унаасын табышкан.
Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, милиция анын ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгын аныктоодо.