Украинада 20 жаштагы кыргызстандык жаран каза болгон
3188
Украинада 20 жаштагы кыргызстандык, Россиянын жараны каза болду. Бул тууралуу "Азаттык" маркумдун тааныштарына таянып билдирет.
Басылма 17-мартта социалдык тармактарда Украинадагы согушта кыргызстандык каза болгону тууралуу маалымат пайда болгонун кабарлаган. Маалыматка караганда, аскер жигит жакындарына 22-февралда телефон чалып байланышкан. Анын Орусияда иштеген апасына Россиянын тийиштүү мекемелери уулу 8-мартта каза болгонун, сөөгү Кант авиабазасына жөнөтүлөрүн айтышкан.
Азырынча маркум 20 жашта экени гана белгилүү. Ал Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылында туулуп-өскөн. Ата-энеси менен Россиянын жарандыгын алышкан.
Бул маалымат такталып жатканын Тышкы иштер министрлигинин редакциясы билдирди.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://m.kaktus.media/6070