МКК: 2017-жылдан тартып бүгүнкү күнгө чейин 2 миллионго чукул ID-карталар даярдалды
Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Инфоком" МИсине караштуу Мамлекеттик персонификациялоо борбору 2020-жыл ичинде 825 528 паспорт даярдап чыгарган. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди
Белгилүү болгондой, бул статистикага паспорттордун бардык түрлөрү кирет: жалпы жарандык, дипломаттык, кызматтык, ошондой эле 2017-жылдын үлгүсүндөгү eID-карталар.
Кыргызстандын жарандарды үчүн тариздетилүүчү паспорттордун саны өткөн жылда мурунку жылдарга салыштырмалуу төмөндөгөн. 2017-жылы 901 миң паспорт даярдалган. 2018-жыл ичинде бардыгы болуп 916 миң паспорт жекелештирилген. 2019-жылы 950 миңден ашуун паспорт даярдалган.
Ал ортодо, биометрикалык паспорттордун чыгаруунун башталышы менен, 2017-жылдын май айынан тартып бүгүнкү күнгө чейин 1 миллион 950 миңден ашуун eID-карталар даярдалган.
Миллионунчу биометрикалык паспорт Кыргызстанда 2019-жылдын 14-январында берилген. Эки миллионунчу eID-картаны берүү 2021-жылдын февраль айында күтүлүүдө.