2020-жылы Салык кызматы планды ашыгы менен аткарып, 107,3 млн сомго көп чогултту
1984
Салык кызматы 2020-жылы республикалык бюджетке 62,9 млрд сом салык жыйнап, белгиленген план 100,2 пайызга аткарылды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз бөлүмү маалымдады.
Ведомство берген маалыматка ылайык, 2020-жылы Мамлекеттик салык кызматы бюджетке 62 млрд 958 млн сом салык жыйнады. Бул 2019-жылга салыштырмалуу 324,7 млн сомго көп жыйналган.
Салык кызматы белгилегендей, салыктар боюнча план 2020-жылдын ноябрь айында республикалык бюджетке Салык кызматы үчүн мурда белгиленген планды 3 млрд 58,3 млн сомго көбөйтүү менен киргизилген өзгөртүүлөрдү эске алганда ашыгы менен аткарылды.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://m.kaktus.media/388