Кара-Көл шаардык кеңеши 150 миңге iPhone 12 Pro Max сатып алууну чечкен
Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаардык кеңеши 150 миң сомго уюлдук телефон сатып алуу боюнча тендер жарыялаган. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар сайтында жазылган.
Кара-Көлдүк шаардык кеңеш 29-сентябрда жарыялаган тендерге ылайык, 150 миң сомго уюлдук телефон жана ага аксессуарларды сатып алат.
- iPhpone 12 Pro Max Gb 256, сим-картаны колдоо, Apple A 14 Bionic процессору, флеш-эс тутумдун түзүмү - 2 даана (тышкы чогултма 1 Тбайт);
- DJI Osmo Mobile 4 телефонкармагыч, Powerlogy 2 телефон койгуч; PowerBank;
- Apple (iPhpone и iPad) түзүмүнө стереоконденсатордук микрофон; iPhpone 12 Pro Max үчүн аккумулятор (батарейка)
Экинчи лот катары 40 миң сомго герб менен желекти сатып алуу көрсөтүлгөн.
баркыт кездеме, көлөмү 1 м 60 см'ге 0,85 м, колго сайма сайылган, штог (тургузма) жаңгактан 2 метр, түбүндөгү подставка гранит, тегерек формада, жана түстүү кебезден жасалган герб, МДФке бекитилген. көлөмү 0,60 см'ге 0,60 см. Рамкасы алтын жалатылган металлдан жасалган.
Билдирүүлөр 1-октябрга чейин кабыл алынат.
Белгилей кетсек, Кара-Көл шаардык кеңешинин өкүлдөрү менен байланыша алган жокпуз. Бирок Kaktus.media мындай кымбат телефондун эмне кереги бар экенин билүү үчүн жергиликтүү кеңештин депутаттарынын пикирин угууга даяр.