Көлдө эс алып жүргөн келин балдарын карап туруусун суранып ошо бойдон кайтып келген жок
Балдарын карап турууну суранып, ошо бойдон жок болуп кеткен балдардын ата-энесин же туугандарына милиция издөө жарыялады. Бул тууралуу Kaktus.media'га облустун ИИБси маалымдады.
Берилген маалыматка ылайык, Бостери айылынын милиция бөлүмүнө 59 жаштагы эже, жергиликтүү тургун кайрылган. Анын айтымында 17-июль күнү болжол менен кечки саат 21:00до 25-30 жашар келин анын үйүнөн бир бөлмөнү ижарага алган.
18-июлда, болжол менен саат 09:30да белгисиз келин үйдүн кожойкесине кайрылып, балдарын карап туруусун суранган. Ошол бойдон кайтып келген жок.
Кичинекей балдардын айтымында, улуусунун аты Алинур, кичүүсү Акылбек. Алар 4 жана 2 жашта. Атасынын аты Жолдош, апасынын аты Перизат экен. Кайсы жерде жашай турганын так билишпейт.
Кичинекей балдардын ата-энеси же жакын туугандары тууралуу билгендер болсо төмөнкү телефондор аркылуу байланышууну өтүнөбүз: (0505) 250545, (0502) 112131, (0709) 060962, (03943) 45202 же Ысык-Көл райондук ИИБсинин "102" номерине телефон чалыңыз.