Бишкекте 75 жаштагы апа үчүнчү кабаттын терезесинен учуп түшүп каза болду
5461
Бишкекте, 8-кичирайондогу көп кабаттуу үйдүн үчүнчу кабатынан 75 жаштагы апа дүкөндүн чатырына учуп түштү.
ӨКМ берген маалыматка ылайык, окуя болгон жерге беш куткаруучу жөнөп кеткен. Алар каза болгон жарандын сөөгүн чыгарышкан.
Ал 1946-жылы туулган Р.Г. экени аныкталды.
Окуянын себептери иликтенүүдө.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://m.kaktus.media/2620