Эски доллар жүгүртүүдөн чыкты деген кептерди Улуттук банк четке какты
RU

Эски доллар жүгүртүүдөн чыкты деген кептерди Улуттук банк четке какты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Улуттук банк "ак" доллар же эски доллар колдонуудан чыгарылды деген маалыматты четке какты. Башкы банктан башка өлкөлөрдүн валюталарын жүгүртүүдөн алууга укуктуу эместигин маалымдады.

Белгиленгендей, эл арасында "ак" доллар деп 1996-2006-жылдары чыгарылган АКШ долларын аташат, анткени алар агыш түсү менен айырмаланат.

"Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө" жобонун 14-пунктуна ылайык, чет өлкө валютасын сатып алууда, сатууда же алмаштырууда банктар жана акча алмаштыруу бюролору кандайдыр бир чектөөлөрдү жана төлөм каражаты статусун жогото элек акча белгилеринин наркына, чыгарылган жылына жараша ар кандай курстарды белгилөөгө укугу жок.

"Эгерде валютаны алмаштырууда негизсиз баш тартуу болсо Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын алкагында тиешелүү чараларды көрүү үчүн Улуттук банкка жазуу жүзүндө кайрылса болот", - дешет банктан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17686