"Төө-Ашууда" жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынды
RU

"Төө-Ашууда" жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 17-октябрда саат 8:20-да "Төө-Ашууда" оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынды. Бул туурасында "Кыргызавтожол" ишканасы кабарлады.

№9 Жол эксплуатациялоо ишканасы тарабынан атайын техниканын жардамы менен жолду кардан тазалоо, инерттик материалдарды себүү иштери кызуу жүрүүдө.

Мекеме айдоочуларды дөңгөлөктөрдү кышкыга алмаштырып, 500 метр аралыкты сактоого чакырды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17709