Бишкек-Ош жолу жеңил унаалар үчүн ачылды
RU

Бишкек-Ош жолу жеңил унаалар үчүн ачылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Сосновка" жана "Арал" постторунда саат 14:00гө карата жеңил унаалар үчүн каттам эки тараптуу ачылды. Бул тууралуу "Кыргызавтожол" ишканасы кабарлады.

Бишкек-Ош унаа жолунун 81-чакырымында жайгашкан Төө-Ашууну көздөй кете турчу "Сосновка" контролдук өткөрмө пункту жана түштүктөн Чүй облусу көздөй "Арал" посту жеңил унаалар үчүн ачылды. Бирок чоң жүк ташуучу унааларга чектөө бар.

№9 Жол эксплуатациялоо ишканасы тарабынан атайын техниканын жардамы менен жолду кардан тазалоо, инерттик материалдарды себүү иштери жана каттамды бошотуу иштери кызуу жүрүүдө. "Кыргызавтожол-Түндүк" мамлекеттик ишканасынын жетекчилиги абалды жеринде көзөмөлдөп жатат.

"Урматтуу айдоочулар, ашууларга сөзсүз кышкы дөңгөлөк менен чыгыңыздар. Жайкы дөңгөлөк менен чыгып, чынжырсыз жүргөн унаалар үчүн өлкөдөгү түндүк менен түштүктү байланыштырган эл аралык маанидеги жолдо чоң тыгындар пайда болууда. Ошондой эле атайын техниканын жумушуна тоскоолдук жаралууда. Дөңгөлөктөрдү кышкыга алмаштырып, 500 метр аралыкты сактаңыздар", - дешет мекемеден.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17705