Айдоочу жана жүргүнчүлөрдүн эсине! Бишкек-Ош унаа жолу жабылды
RU

Айдоочу жана жүргүнчүлөрдүн эсине! Бишкек-Ош унаа жолу жабылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек-Ош жолу унаалар үчүн толугу менен жабылды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Белгиленгендей, учурда Бишкек-Ош унаа жолунун тоолуу аймактарында калың жааган кардан улам "Чычкан" жана "Сосновка" постторунда унаалардын жүрүшүнө чектөө киргизилди. Ал жерде жолду тазалоо иштери жүрүп жатат.

Айдоочулардан зарыл болбосо алыскы аймактарга чыкпоону суранабыз.

Башкармалыктан айдоочулардан жайкы дөңгөлөктөрдү кышкысына алмаштырууну суранышат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17698