Энергетика министри Бишкекте жылытуу мезгили качан башталарын билдирди
RU

Энергетика министри Бишкекте жылытуу мезгили качан башталарын билдирди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин тургундарына жылуулук 22-октябрдан тарта бериле баштайт. Бул тууралуу 15-октябрда Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин жыйынында энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.

Министрдин айтымында, ага борбор калаадагы ЖЭБдин директору чалып, төртүнчү блок орнотулганын, кубат 300-350 МВт чейин көбөйтүлөрүн билдирген.

"Жылуулук буга чейин мындай эрте берилген эмес, бирок метеорологдор температура төмөндөрүн билдиришүүдө", - деп белгиледи министр.

Ал эми "Бишкек жылуулук тармагы" муниципалдык ишканасынан жылытуу мезгилине даярдык көрүү, ошондой эле көп кабаттуу үйлөрдүн жылытуу системасын текшерүү максатында суу системага суу толтурулуп жатканын маалымдаган.

Эске салсак, былтыркы жылы жылуулук 31-октябрдан тарта бериле баштаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17689