Бишкек мэриясы үйлөргө жылуулук качан берилерин эске салды
RU

Бишкек мэриясы үйлөргө жылуулук качан берилерин эске салды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте турак-жайларга жылуулук норма боюнча берилет. Бул туурасында мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Муниципалитеттен жылуулук мезгилинин башталышы абанын орточо температурасы беш күн катары менен +8 градуска жеткенде аныктала турганын эскертти.

Объекттерге жылуулук берүү бир нече күнгө созулат. Биринчи кезекте мектептерге, бала бакчаларга, ооруканаларга, төрөт үйлөрүнө жана социалдык коргоо мекемелерине жылуулук берилет. Экинчиден, мурда пайдаланылган жылуулук энергиясы үчүн карызы жок турак жайларга, өнөр жай ишкана, мекемелерине жана объекттин кышкыга даярдыгы тууралуу актысы барларга берилет.

Эске салсак, былтыркы жылы жылуулук 31-октябрдан тарта бериле баштаган.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17685