Бокс клубундагы атышууда жабыркагандардын абалы белгилүү болду
RU

Бокс клубундагы атышууда жабыркагандардын абалы белгилүү болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин 7-кичи районундагы бокс клубундагы атышууда жабыркаган эки адамдын абалы оор. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Эске салсак, 10-октябрда бокс клубда эки ишкердин ортосунда чыр-чатак болуп, эки адам жабыркап, дагы бири кокусунан атылган октон каза болгон.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, 10-октябрда эки бейтап Бишкек шаардык саламаттыкты сактоо уюмуна "Тез жардам" кызматы аркылуу түшкөн.

"С.Э. аттуу бейтап Тез жардам клиникалык ооруканасынын реанимация бөлүмүндө жатат, операциядан кийинки абалы оор бойдон калууда", - деп айтылат маалыматта. Диагнозу - санына ок тийген

Экинчи бейтап (ред.: Kaktus.media - бокс боюнча машыктыруучу Жылдызбек Ниязалиев) көкүрөгүнө жана ич көңдөйүнө ок тийип, Улуттук хирургия борборунун реанимация бөлүмүндө жатат. Анын операциядан кийинки абалы туруктуу оор деп бааланууда", - деп айтылат маалыматта.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17647