Бокс залындагы атышуу. Орзубек Назаровдун бокс клубу жабылды
RU

Бокс залындагы атышуу. Орзубек Назаровдун бокс клубу жабылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин 7-кичи районундагы Орзубек Назаровдун бокс клубу ок атышуудан кийин жабылды. Бул тууралуу клубдун Instagram баракчасында маалымдалды.

Клуб качан ачылаары белгисиз.

Белгилесек, 10-октябрда бокс клубунда мурдагы бизнес өнөктөштөрдүн ортосунда чыр-чатак чыгып, бирөө ок тийип каза болгон.

ИИМдин маалыматына караганда, Ы.М. жана Н.Ж`нын ортосунда финансылык келишпестиктер болгон. Ошол себептүү Ы.М. Н.Ж`нын. иштеген жерине келип, ага өз дооматтарын койгон. Андан кийин өзүнө катталган "Сайга" мергенчилик мылтыгы менен Н.Ж`нын ичине ок чыгарган. Мындан тышкары С.Э. аттуу жарандын бутуна аткан. Жаракат алган киши коргонуу үчүн Ы.М. менен алышып жатканда капысынан ок атылып, кол салган жарандын өзүнүн башына тийген. Ал жеринде каза болгон.

Ачык булактардагы маалыматка караганда, чыр бокс боюнча калыс Мукаш Ырсалиев менен бокс боюнча машыктыруучу Жылдызбек Ниязалиевдин ортосунда болгон. Буга чейин алардын ортосунда "Береке" базары боюнча талаш-тартыштар бар экени кабарланган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17645