Маркумдарга эстелик тургузуунун нускамасын киргизүү сунушталды
RU

Маркумдарга эстелик тургузуунун нускамасын киргизүү сунушталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мамлекеттик кызмат иштери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик көрүстөндөргө эстеликтерди жана мемориалдык белгилерди орнотуу боюнча нускамаларды бекитүүнү сунуштады. Министрлер кабинетинин токтомунун долбоору коомдук талкууга жарыяланды.

Негиздемеге ылайык, маркумдун көзү тирүүсүндө айткан керээзин эске алуу керектиги токтомдо камтылган. Мындан тышкары атайын (жалпы колдонуудагы эмес) көрүстөндөргө кошумча уруксаттар жана эрежелер колдонулары белгиленген.

Эстеликтерге жана мемориалдык белгилер, такталарга коюлуучу талаптар:

  • мемориалдык белгилер алардын бекемдигин камсыз кылуучу материалдардан (таш, металл, жыгач жана башка аба ырайына туруктуу материалдар) жасалууга тийиш;
  • эстеликтин бийиктиги 2 метрге чейин болушу керек;
  • узун-туурасы 1,5 метрге чейин болушу шарт;
  • эстеликтеги жазуулар бирдей шрифт менен жазылып, аты-жөнү, туулган жылы, каза болгон датасы так көрсөтүлүшү керек;
  • эстеликтер жергиликтүү башкаруу органдарынын, Сөөк коюу кызматынын уруксаты менен гана орнотулат;
  • эстеликтерди адистештирилген уюмдар же тиешелүү квалификациясы бар адамдар гана орното алат;
  • эстелик орнотулгандан кийин арыз берүүчү сөөк коюу кызматына иш аяктагандыгы жөнүндө билдирүүгө милдеттүү, тиешелүү орган текшерүү жүргүзөт жана монтаждоо аяктагандыгын жазат;
  • эстеликти талаптагыдай абалда кармоо үчүн жоопкерчилик арыз ээсине же арызда көрсөтүлгөн башка адамдарга жүктөлөт.

Жогорудагы нускамаларда каралган нормаларды жана эрежелерди бузуу менен эстелик орноткон адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопко тартылышат.

Ал эми эстелик үчүнчү жактар тарабынан бузулса же жок кылынса, күнөөлүүлөр жарандык жана жазык мыйзамдарынын ченемдерине ылайык жоопкерчиликке тартылышат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17637