Бишкекте мусулман-христиан көрүстөнүнө сөөк коюу токтотулат
RU

Бишкекте мусулман-христиан көрүстөнүнө сөөк коюу токтотулат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаарындагы Ата Журт жана Тынчтык конуштарынын ортосунда жайгашкан Новопавловка мусулман-христиан көрүстөнүндө маркумдарды жерге берүү, жана көмүү иштери токтотулат. Борбор калаа башкармалыгынан кабарлашкандай, чектөө 30-сентябрдан баштап күчүнө кирет.

Мындай чечим Экологиялык жана техникалык көзөмөлдөө кызматынын, ошондой эле Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун корутундуларынын негизинде сөөк коюлган жерди санитардык жана экологиялык талаптардын сакталышын камсыз кылуу максатында мыйзамда белгиленген тартипте кабыл алынган.

Маркумдардын сөөгүн коюу Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Гроздь айылындагы шаардык көрүстөндө жүргүзүлөт.

Буга чейин Бишкек шаарындагы Ак-Ордо жаңы конушунда жайгашкан Новопавловка көрүстөнүнө да маркумдарды жерге берүү токтотулган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17496