Ошто жумушчусу кулап каза тапкан курулуш компаниянын лицензиясы токтотулду
RU

Ошто жумушчусу кулап каза тапкан курулуш компаниянын лицензиясы токтотулду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош шаарынын Шамшиев көчөсүндөгү көп кабаттуу объектте өспүрүм каза болгондон кийин курулуш компаниянын лицензиясы токтотулду. Бул туурасында Мамлекеттик курулуш агенттигинен кабарлашты.

"Укук коргоо органдары тарабынан Ош шаарынын Шамшиев көчөсүндөгү курулуп жаткан турак үйдүн кызматкеринин өлүмүнө алып келген курулуш учурундагы коопсуздук техникасынын талаптарын бузууларга байланыштуу тергөө жүргүзүлүүдө. 9-октябрда лицензиялоо жана мамлекеттик квалификациялык сертификациялоо чөйрөсүндөгү бузууларды кароо боюнча комиссиянын отуруму болуп "Артвин групп Кейджи" ЖЧКсынын лицензиясын токтото туруу чечими кабыл алынды", - дешти агенттиктен.

Белгилесек, 5-октябрда курулушта иштеп жаткан 17 жаштагы студент 13-кабаттан кулап каза болгон.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17632