Ошто студент 13-кабаттан кулап мүрт кетти
RU

Ошто студент 13-кабаттан кулап мүрт кетти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош шаарында курулушта иштеп жаткан 17 жаштагы өспүрүм 13-кабаттан кулап каза болду. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгынан тастыкташты.

Белгиленгендей, 4-октябрда 17 жаштагы 3 бала ARTWIN курулуш компаниясына кайрылып, Шамшиев көчөсүнө салып жаткан көп кабаттуу имараттын курулушуна жумушка орношууну суранышкан. Ошол эле учурда алар 18 жашта экенин айтышкан.

Блдар аймакты жана курулуш таштандыларын тазалоого жумушка алынган. 5-октябрда 17 жаштагы өспүрүмдөрдүн бири курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн 13-кабатына чыгып, бийиктен кулап кеткен. Ал ошол жерден каза болгон.

Маркум достору менен ОшМУнун колледжинин финансы-кредит факультетинде билим алчу.

17 жаштагы өспүрүмдүн өлүмүнөн кийин тергөө органдары бардык керектүү экспертизаларды дайындап, коопсуздук чараларынын сакталышын текшере баштады. Бардык жооптуу адамдарга юридикалык баа берилет дешет башкармалыктан.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17608