Казакстандык кримавторитет колонияда асынган абалда табылды
RU

Казакстандык кримавторитет колонияда асынган абалда табылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кылмыш чөйрөсүндө Леха Семипалатинский деген каймана ат менен белгилүү болгон 66 жаштагы казакстандык Айткали Маймушев катуу тартиптеги колонияда асынган абалда табылды. Бул тууралуу "Прайм Крайм" маалымат агенттиги жазды.

ЖМКлардын маалыматына караганда, криминал 2023-жылдын декабрынан бери Россиянын колониясында жазасын өтөп жаткан. 2023-жылдын 10-июлунда Москва шаардык соту аны кылмыш статусу жана баңги затын мыйзамсыз сактагандыгы үчүн 9 жылга эркинен ажыраткан.

Маймушев Казакстандын эң улуу мыйзам уурусу деп эсептелет. Ал 1997-жылы криминалдык лакап атка ээ болуп, криминалдык идеяларды жайылта баштаган.

2022-жылдын январында Семипалатинский Москвадагы барлардын биринде кармалган. Жеке текшерүү учурунда анын жанынан метадон табылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17628