Балыкчынын мурдагы смотрящийи Сапа статусунан баш тартты
RU

Балыкчынын мурдагы смотрящийи Сапа статусунан баш тартты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Маркум Камчы Көлбаевдин (Асанбек) уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган Балыкчы шаарынын мурдагы смотрящийи менен профилактикалык иштер жүргүзүлдү. Бул туурасында УКМКнын басма сөз кызматы кабарлайт.

"Криминалдык чөйрөдө Сапа каймана аты менен белгилүү С.С.Т. профилактикалык иш-чаралардан кийин өзүнүн иш-аракеттеринин терс жактарын толук түшүнүп, криминалдык топторго катышуудан, ошондой эле өзүнүн статусунан жана уурулук идеясынан баш тартты", - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары С.С.Т. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоого жана ак ниеттүү жаран катары жашоого милдеттендирилди. Ал уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүнө каршы күрөшүүдө мамлекеттин жүргүзүп жаткан саясатын толугу менен колдой турганын белгиледи.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17583