Россия Кыргызстанга ыктыярчы мугалимдерди жөнөтөт
RU

Россия Кыргызстанга ыктыярчы мугалимдерди жөнөтөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Россия Кыргызстандын аймактардагы мектептерине 100 ыктыярчы мугалим жөнөтөт. Бул тууралуу бүгүн, 30-октябрда Билим берүү министрлигинин маалымат жыйынында белгилүү болду.

Маалымат жыйындын катышуучулары Россия менен Кыргызстан "Евразияны тааны" долбоорун ишке ашырып жатканын айтышты. Бул долбоордун алкагында Кыргызстан билим берүү, маданий-гуманитардык долбоорлорго, мектеп транспортуна, мектептерди оңдоого грант алат. Кызматташтыктын багыттарынын бири - эки өлкөнүн мугалимдеринин тажрыйба алмашуусу жана квалификациясын жогорулатуусу болуп саналат.

Билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева Евразия уюму тарабынан айыл мектептерине буга чейин 100 кичи автобус берилгенин эске салды. Эми ал мектептерге мугалимдер да жиберилет.

"Айыл тургундары орус тилиндеги предметтерди окутууну жакшыртууну суранышууда, бүгүнкү күндө мектептерде орус тили мугалимдери, орус тилдүү мектептерде мугалимдер жетишсиз", - деди министр.

"Евразия" бейөкмөт уюмунун жетекчиси Алена Аршинова ыктыярчы мугалимдерди тартуу эки өлкөнүн ортосундагы элдик дипломатияны бекемдей турганын кошумчалады.

Белгилесек, Кыргызстандагы мектептерде мугалимдер жетишсиз болуп, айрым мектептерде 4-5 предмет окутулбайт.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17516