Өлкөнүн алыскы аймактарындагы мектептерге автобустар берилет (видео)
RU

Өлкөнүн алыскы аймактарындагы мектептерге автобустар берилет (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 2-сентябрда Бишкектеги Т.Усубалиев атындагы аянтта Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун катышуусунда "Евразия" эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча автономдуу коммерциялык эмес уюмунун мектеп автобустарынын ачкычтарын салтанаттуу түрдө тапшыруу аземи өттү.

Маалым болгондой, Кыргызстан "Евразия" автономдуу коммерциялык эмес уюмунан 50 автобус алат.

Автобустар балдарды мектепке ыңгайлуу жана коопсуз жеткирүүнү уюштурууга мүмкүндүк берет. Транспорт бардык заманбап коопсуздук стандарттары менен жабдылган. Ал алыскы жана жетүүгө кыйын болгон аймактарга өткөрүлөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17158