Тергөө изоляторунда шектүү эс-учу жоголгончо сабалып, тиштери сынган
RU

Тергөө изоляторунда шектүү эс-учу жоголгончо сабалып, тиштери сынган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Нарында шектүү катары кармалган жаранды милиция кызматкерлери кыйноого алган. Бул туурасында Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун маалыматында айтылат.

Аталган борбордун билдирүүсүнө караганда, №24 тергөө изоляторунда шектүү катары отурган А.Н. жана Б.Н. Ак-Талаа РИИБдин кызматкерлери тарабынан кыйноого алынгандары тууралуу арыз менен кайрылышкан.

Арыздын негизинде улуттук борбордун кызматкерлери А.Н. менен сүйлөшкөн. Айтымында, күбө катары кармалган кайниси Б.Н. экөө кыйноого кабылышкан. Ал эми жубайы А.Н. коркутууга жана моралдык кысымга кабылганын билдирген.

"Кылмышты мойнуна алдыруу максатында Ак-Талаа РИИБдин кызматкерлери А.Н`ы төшкө урушуп, колдорун артка байлап жерге отургузузуп башына полиэтилен баштыгын кийгизишип, эс-учун жоготкон абалга чейин жеткиришип, жылаңач кылып дубинка менен зордуктайбыз деп мазакташкан. Кыйноолор 10 сааттан ашык созулуп, жыйынтыгында А.Н`дин үстүнкү тиши сынып, денесинен жаракат алган", - деп айтылат маалыматта.

Улуттук борбор тарабынан кыйноонун жана катаал мамиленин издерин документтештирүү боюнча медициналык кароо формасын (Стамбул протоколу) толтурулуп, топтолгон материалдар тергөө иштерин жүргүзүү үчүн УКМКга өткөрүлүп берилди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17425