Бишкекте тигүү цехинде чет элдиктерди кыйноого алганга шектүүлөр кармалды
RU

Бишкекте тигүү цехинде чет элдиктерди кыйноого алганга шектүүлөр кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги тигүү цехтеринин биринин ээси кармалды. Свердлов РИИБден маалымдашкандай, кожойке чет элдик жарандарды эркине каршы кармап, кыйноо көрсөткөн деп шектелүүдө.

Милициянын нөөмөт бөлүмүнө 1-августта билдирүү түшүп, Бишкек шаарынын Жибек жолу проспектисинде жайгашкан тигүү цехтеринин биринде чет элдик жарандар эркине каршы кармалып жатканы кабарланган. Жерине ыкчам топ барып, чет элдик жарандарга тигүү цехинин ээси жана үч чет элдик жаран тарабынан физикалык зомбулук көрсөткөнү, бөлмөгө камап койгону такталган.

Бул фактынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренесинин 2-бөлүгү (Кыйноо) менен кылмыш иши козголгон.

Окуянын бардык катышуучулары тергөө кызматына жеткирилип, шектүү делген 1967-жылы туулган Г.Р. жана 2000-жылы туулган Х.М.У. жана 2002-жылы туулган А.Э. аттуу чет элдик жарандар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/16907