Окуучулардын саны аз мектептер кошулат. Министрликтин буйругу чыкты
RU

Окуучулардын саны аз мектептер кошулат. Министрликтин буйругу чыкты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Билим берүү жана илим министрлигинин "Окуучулардын саны аз жалпы билим берүү уюмдарын оптимизациялоо жөнүндө" буйругу чыкты. Ага ылайык, жалпысынан 53 мектеп кошулат дешет министрликтен.

Билим берүү мекемесинен тактагандай, окуучулардын саны аз мектептер:

  • Ош облусунда – 22
  • Нарын облусунда – 10
  • Чүй облусунда – 6
  • Баткен облусунда – 5
  • Жалал-Абад облусунда – 5
  • Талас облусунда – 2
  • Ысык-Көл облусунда – 1

Буйрук министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун 2024-жылдын 26-февралындагы № 31-6 протоколдук тапшырмасын аткаруу жана жалпы билим берүү уюмдарында билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, окуучулардын саны аз жалпы билим берүү уюмдарын оптималдаштыруу максатында чыкты.

Эми окуучулардын саны аз мектептерди оптималдаштыруу иштерин райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен биргеликте 2024-жылдын 1-ноябрына чейин аякташы зарыл.

Ал эми райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары бириктирилген мектептердин кыскарган кызматкерлерин, тейлөөчү персоналдарды жумушка жайгаштыруу, жергиликтүү калк менен оптимизация боюнча келип чыккан маселелер боюнча иш-чараларды жана түшүндүрүү иштерин 2024- жылдын 1-декабрына чейин жыйынтыктоосу керек.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17328