Мэрия Бишкектеги 2 мектепти расмий түрдө бириктирди
RU

Мэрия Бишкектеги 2 мектепти расмий түрдө бириктирди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги №70 жана №28 мектептер расмий түрдө бирикти. Маалыматты Kaktus.media редакциясына окуучулардын ата-энелери билдиришти.

Айтымдарында, бүгүн, 6-августта №28 мектептин жамааты буйрук менен тааныштырылды. Ага ылайык, бул билим берүү мекемеси №70 мектептин курамына кирди. Мугалимдер жаңы окуу жылына карата өзгөрүүлөр тууралуу окуучулардын ата-энелерине кабарлашты.

Алдын ала маалыматтар боюнча, мугалимдер өз ордуларында иштешет, окуучулар дагы мурда окуган имараттарда окушат. Ошондой эле 1-сентябрдан тарта мектептерде сабактар ​​саат 07:30да башталары белгилүү болду.

Эске салсак, июль айынын башында Бишкек шаарындагы 2 мектеп бириктирилери кабарланган. Мэрия мектеп имараттарын эффективдүү пайдалануу үчүн ушундай чечим кабыл алынганын билдирген. Окуучулардын ата-энелери мектепти бириктирүүгө каршы болуп, президентке, билим берүү министрине, Жогорку Кеңештин төрагасына жана Бишкек шаарынын мэрине кайрылуу жазып, маалымат жыйын да өткөрүшкөн.

Белгилей кетсек, №28 мектеп лицей болгон, бирок лицензиясынын мөөнөтү аяктагандыктан өзгөчө статусун жоготкон. Ал эми №70 мектеп учурда гимназия статусуна ээ.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/16888