Футбол боюнча беттеш. Милиция күйөрмандарды стадионго эрте келүүгө чакырат
RU

Футбол боюнча беттеш. Милиция күйөрмандарды стадионго эрте келүүгө чакырат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Футбол боюнча Кыргызстан жана Өзбекстандын улуттук курама командаларынын беттеши учурунда коомдук тартипти 3 миңге жакын милиция кызматкери камсыздайт. Бул тууралуу Бишкек ШИИББден маалымдашты.

Эртең, 10-сентябрда саат 20:00дө Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун жаңыланган аренасында 2026-жылкы Дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын алкагында Кыргызстан менен Өзбекстандын улуттук курама командаларынын беттеши өтөт.

Буга байланыштуу шаардык милиция жарандарды трибунага өтүүдө текшерүү жүргүзүлөрүн, кезектерди болтурбоо максатында көрүлүп жаткан коопсуздук чараларына түшүнүү менен мамиле кылууну, беттешке эки саат эрте келүүнү суранат. Стадиондун аймагына айнек жана пластик идиштерди, ошондой эле пиротехникалык буюмдарды алып кирүүгө тыюу салынарын эскертет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17258