Кыргызстан - Өзбекстан беттеши: Ташиев улуттук курама менен жолукту
RU

Кыргызстан - Өзбекстан беттеши: Ташиев улуттук курама менен жолукту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн "Мурас Юнайтед" окуу-машыгуу базасында өткөн машыгуунун алдына Кыргыз футбол биримдигинин Президенти Камчыбек Ташиев оюнчулар менен жолугуп, алдыдагы беттешке ийгилик каалап өттү.

"Акыркы Иран менен өткөн беттеш биздин өлкөнүн курамасы Азиянын эң мыкты командалары менен тең тайлаш ойной ала тургандыгын далилдеди. Келе жаткан оюндарда, өзгөчө 10-сентябрда Өзбекстанга каршы боло турган беттешти биз жана кураманын күйөрмандары чоң үмүт менен күтүп турат!" - деп белгиледи өз сөзүндө КФБ жетекчиси.

Эске салсак, 2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатына үчүнчү тандоо раундунун алкагындагы Кыргызстан - Өзбекстан футбол беттеши 10-сентябрда Бишкекте болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17251