Министрлик дарыгерлерди жумушка коомдук транспорт менен барууну сунуштады
RU

Министрлик дарыгерлерди жумушка коомдук транспорт менен барууну сунуштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Саламаттыкты сактоо министрлиги Бишкектин, ошондой эле Ош жана Жалал-Абад облустарынын дарыгерлерине жумушка коомдук транспорт менен барууну сунуштады. Тиешелүү катты министрдин орун басары Медербек Исмаилов жергиликтүү жетекчилерге жолдогонун Көз карандысыз дарыгерлер профсоюзунун жетекчиси Бермет Барыктабасова жазып чыкты.

Катта мындай чечим Министрлер кабинетинин ири шаарлардын жолдорундагы тыгындар менен күрөшүү боюнча тапшырмасын аткаруунун алкагында кабыл алынганы айтылат.

"Анда жумушка кантип жетет? Муниципалдык транспортто эл жык-жыйма. Өз каражатынын эсебинен такси мененби? Бул чара кандайча ишке ашары азырынча белгисиз", - деп жазды Барыктабасова.

Буга чейин мэрия муниципалдык кызматкерлерге аптасына эки күн жеке унаа менен жүрүүгө тыюу салган.

Белгилей кетсек, борбор калаанын айрым көчөлөрүндө оңдоо иштери уланууда. Жолдордун айрым тилкелери жабылгандыктан, жол кыймылы кыйындап, унаа тыгыныдары нааразычылык жаратууда.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17206