Россияда терезеден кулаган кыргызстандык кыздын окуясы: Шектүүлөр кармалды
RU

Россияда терезеден кулаган кыргызстандык кыздын окуясы: Шектүүлөр кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Санкт-Петербургда 22 жаштагы кыргызстандык кыз 6-кабаттан кулап кеткен окуя боюнча Тышкы иштер министрлиги комментарий берди.

Белгилесек, бир катар маалымат каражаттары кызды белгисиз адамдар 6-кабаттагы батирдин терезесинен ыргытып жиберишкенин, андан кийин аны унаага салып кетүүгө аракет кылышканын жазышкан.

Тышкы иштер министрлиги тактагандай, 3-сентябрда саат 02:00 чамасында окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барган. Жабырлануучу 2002-жылы туулган А.Б., экени такталып, көптөгөн жаракаттары менен ооруканага жеткирилген. Учурда абалы туруктуу оор деп бааланууда.

Окуяга катыштыгы бар деген шек менен Кыргызстандын 2001-жылы туулган М.Б жана С.Ш аттуу жарандары кармалганы маалым болду. Россиянын укук коргоо органдары бул факты боюнча иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

Кыргыз Республикасынын Санкт-Петербург шаарындагы Башкы консулдугу Россиянын тиешелүү органдары менен байланышта деп айтылат маалыматта.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17204