Россиядагы кыз-келиндерге эскертүү кылган кыргызстандыктар аныкталды
RU

Россиядагы кыз-келиндерге эскертүү кылган кыргызстандыктар аныкталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Буга чейин Россия Федерациясында эмгектенген кыргызстандык кишилердин кыргыз кыз-келиндерине эскертүү берген видеосу жарыяланган. Интернетке жайылган видеодон кийин окуянын чоо-жайын аныктоо максатында Ички иштер министрлиги ыкчам түрдө Россиядагы өкүлчүлүгүнө тапшырма берген.

Министрликтен белгилешкендей, видеокайрылуу жасаган жарандардын өздүгү такталып, Москвада жүргөнү белгилүү болуп, өкүлчүлүккө чакырылды.

"Аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ар бир жарандын укугу мыйзамдын негизинде корголо тургандыгы эскертилди. Түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин мекендештер өзүм билемдик менен мыйзамдарды бузуу аракеттерине барбай турушканын билдиришти", - дешти мекемеден.

Ички иштер министрлиги мыйзамды билбегендик кылмыш жоопкерчилигинен бошотпой турганын эскертет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17022