Ошто өспүрүм кыз көп кабаттуу үйдүн чатырынан боюн таштады
RU

Ошто өспүрүм кыз көп кабаттуу үйдүн чатырынан боюн таштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ошто 14 жаштагы кыз беш кабаттуу үйдүн чатырынан боюн таштады. Маалыматты редакцияга Ош ШИИБден ырасташты.

Милиция бөлүмүнө 2-сентябрда саат 10:30да Ош шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнөн жашы жете элек кыз ар кандай жаракаттар менен түшкөнү кабарланган.

2010-жылы туулган окуучу Төлөйкөн кичи районундагы үйүнө барып, беш кабаттуу үйдүн чатырына чыгып, боюн таштагыны аныкталган. Кыздын жамбаш сөөгү сынып, дагы башка жаракаттарды алган, учурда реанимацияда жатат.

Бул факты боюнча милиция тергөө иштерин баштады.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: АиФ.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17185