Бишкекте өз жанын кыюуга аракет кылган киши куткарылды
RU

Бишкекте өз жанын кыюуга аракет кылган киши куткарылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаарынын тургуну көп кабаттуу үйдөн боюн таштап, өз жанын кыюуга аракет кылды. Ал Абдумомунов көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин 8-кабатынын терезесинен секирүүгө аракет кылган дешет ӨКМдан.

Маалымдалгандай, окуя болгон жерге беш куткаруучу барган. Алар секирүүгө аракет кылган киши менен сүйлөшүп, бул оюнан баш тарттырышкан.

Натыйжада шаар тургуну аман-эсен куткарылып, милиция кызматкерлерине өткөрүлдү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/16882