Бишкекте айдоочу 2 окуучуну сүзүп кетти
RU

Бишкекте айдоочу 2 окуучуну сүзүп кетти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин Жал кичи районунда окуучу кыздарды унаа сүзүп кетти. Маалыматты редакцияга Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы билдирди.

Бүгүн, 2-сентябрда саат 07:30 чамасында 24 жаштагы айдоочу Ж. уулу М. "Ауди 80" унаасы менен баратып Тыналиев көчөсүнөн жөө жүргүнчүлөр өтүүчү тилкеден эки кызды сүзүп кеткен.

Окуянын кесепетинен 2010-жылы туулган Ш.А. жана 2009-жылы туулган Ш.Д. ооруканага жеткирилген. Ал эми унаа айып короосуна токтотулду.

Жол кырсыгы боюнча зарыл болгон соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, тергөөгө чейинки текшерүүлөр башталды. Экспертизанын жыйынтыгы менен юридикалык баа берилет.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: Creative Commons.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17154