Көлдө жол тыгынын жөнгө салып жаткан инспекторду унаа сүзүп кетти
RU

Көлдө жол тыгынын жөнгө салып жаткан инспекторду унаа сүзүп кетти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көл облусунда жол тыгынын жөнгө салып жаткан жол тескөөчүнү Mercedes-Benz унаасы сүзүп кеткен. Кырсыктан жол тескөөчү оор жаракат алып, оруканага түшкөн дешет Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Башкармалыктын маалыматына караганда, жол тескөөчү иш сапары менен Бишкектен Ысык-Көлгө барган. Кырсыкка кабылгандан кийин ага медициналык бардык жардамдар көрсөтүлгөн. Учурда анын абалы ички иштер министри Улан Ниязбековдун жеке көзөмөлүндө.

"Саламаттыкты сактоо министрлиги менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, бейтапты Ысык-Көлдөн Бишкек шаарына жеткирүүчү медициналык кызматтык унаа даяр. Медицина кызматкерлери уруксат берер замат Бишкек шаарына жеткирлип, Республикалык ооруканага жаткарылат. Кызматкерибиздин ден соолугун калыбына келтирүү үчүн баардык чаралар көрүлөт", - дешет башкармалыктан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17024