Дүйнө чемпионатына тандоо: 10-сентябрда Кыргызстан Өзбекстан менен үйдө беттеш өткөрөт
RU

Дүйнө чемпионатына тандоо: 10-сентябрда Кыргызстан Өзбекстан менен үйдө беттеш өткөрөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

10-сентябрда 2026-жылкы Дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын үчүнчү раунду алкагында Кыргызстандын улуттук курама командасы Өзбекстан менен беттешет. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.

Оюн борбор калаанын жаңыланган башкы аренасы – Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо өтүп, саат 20:00дө башталат.

Белгилей кетсек, футбол боюнча улуттук курама команда алгачкы жолу Дүйнө чемпионатынын үчүнчү тандоо баскычынын алкагында өз оюн талаасында оюн өткөрөт.

Үчүнчү баскычта 18 курама алты командадан турган үч тайпага бөлүнөт. Бул этаптагы оюндардын жыйынтыгы боюнча ар бир тайпадан эң мыкты эки команда 2026-жылкы Дүйнөлүк биринчиликке жолдомо алышат. Төртүнчү квалификациялык раундда Азиядан дагы эки катышуучуну аныкталат жана континенттер аралык плей-офф аркылуу Дүйнөлүк чемпионатка катышуу үчүн дагы бир орун үчүн күрөш жүрөт.

Кыргызстандын курама командасы Иран, Катар, БАЭ, Түндүк Корея жана Өзбекстандын курама командалары менен биргеликте "А" тайпасында орун алган.

Учурда Максим Лисицындын командасы Стамбул шаарында (Түркия) окуу-машыгуу жыйынын өткөрүүдө, андан соң турнирдин старттык туру алкагында, 5-сентябрда Иранга каршы конокто ойнойт.

Кыргызстан-Өзбекстан беттешине билеттер жакынкы арада kassir.kg сайтынан сатыкка чыгат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17111