Футболчу Ахматалиев оюнчунун жаагын сындырганы үчүн 5 жылга футболдон четтетилди
RU

Футболчу Ахматалиев оюнчунун жаагын сындырганы үчүн 5 жылга футболдон четтетилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын улуттук курама командасынын футболчусу Мирбек Ахматалиев 5 жылга дисквалификацияланганын Кыргызстандын футбол союзу билдирди.

Маалым болгондой, 15-августта Бишкектеги "Селмаш" стадионунда "Мурас Юнайтед" командасынын машыгуусунда футболчуларга байланыштуу чатак чыккан.

"Окуянын кесепетинен клубдун чет элдик оюнчусу (легионери) Евгений Терзинин жаагы сынган. Бул окуяга клубдун оюнчусу Мирбек Ахматалиев себепкер болгон, ал клуб аны менен эмгек мамилелерин токтотууну чечкен", - деп айтылат Кыргыз футбол бирикмесинин билдирүүсүндө.

22-августта КФБнын Тартип комиссиясынын жыйыны өтүп, анда Мирбек Ахматалиевге 5 жылдык мөөнөткө футболго байланыштуу ар кандай иш-чараларга катышууга тыюу салуу чечими кабыл алынган.

Футболдук клубдун жетекчилиги да бул окуяга байланыштуу машыктыруучулар штабы жана спорт директору кызматтан алынганын билдирди.

30 жаштагы Мирбек Ахматалиев 2016-жылы Кыргыз курамасынын курамында дебют жасап, андан бери команданын курамында 4 оюн өткөргөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17082