ӨКМ сел жүрүшү мүмкүн делген жерлердин тизмесин жарыялады
RU

ӨКМ сел жүрүшү мүмкүн делген жерлердин тизмесин жарыялады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сел жүрүшү мүмкүн делген жерлердин тизмесин жарыялады.

Эске салсак, Кыргызгидромет бүгүн-эртең, тагыраагы 28-29-августтарда өлкө аймагында нөшөрлөп жамгыр жаашы мүмкүн экенин кабарлаган.

Сел жүрүп, таш кулашы мүмкүн делген тилкелер:

  • Бишкек – Ош жолунун 140-200-чакырымдарында
  • Балыкчы – Чолпон-Ата – Каракол жолунун 155-170-чакырымдарында
  • Талды-Суу – Арал жолунун 4-15-чакырымдарында;
  • Ош – Раззаков жолунун 40-100-чакырымдарында;
  • Кербен – Ала-Бука – Каныш-Кыя жолунун 2-13, 22-24-чакырымдарында.

Министрлик элди, айдоочуларды сак болууга чакырат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17096