Июль айынан бери дайынсыз болуп жаткан Улукбек аман-эсен табылды
RU

Июль айынан бери дайынсыз болуп жаткан Улукбек аман-эсен табылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектен Ысык-Көлгө барам деп жолго чыккан бойдон дайнсыз болуп жаткан Улукбек Абдиев аман-эсен табылды. Маалыматты Улукбектин бир тууганы Kaktus.kg сайтына билдирди.

Белгилесек, Улукбек Абдиев 13-июлда саат 12:30 чамасында Бишкектин Батыш автобекетине барып, Ысык-Көлгө сапарга чыгам деген бойдон дайынсыз болуп жаткан.

"2-3 күн мурда өзү бизге байланышып, Чолпон-Атада иштеп жатканын айтты. Ал Бишкектен Балыкчыга келиптир, телефонун жоготуп алган экен. Ошол жерден бирөөлөр жумуш сунуштаган окшойт, Чолпон-Атага барып иштеп жатыптыр. Эч кимибиздин телефон номерибизди билбегендиктен байланыша албай жүрүптүр. Туугандарыбыз аркылуу байланышка чыкты, ата-энем жерине барып келди. Баары жакшы экен", - деди агасы Сүйүнбек.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17094