Ысык-Көлдө унаа сүзүп кеткен кайгуул кызматкери Бишкекке жеткирилди. Сүрөт
RU

Ысык-Көлдө унаа сүзүп кеткен кайгуул кызматкери Бишкекке жеткирилди. Сүрөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көлдө кызмат учурунда унаа сүзүп кеткен кайгуул кызматкери Бишкектеги ооруканага жеткирилди. Бул туурасында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Бейтап ИИМдин жана дарыгерлердин коштоосунда Бишкек шаарындагы Республикалык ооруканага алынып келди.

Башкармалыктын жетекчиси кайгуул кызматкерине кырдаалга карабай жардамын көрсөтүп жаткан дарыгерлерге жана жакын туугандарына терең ыраазычылыгын билдирди.

Белгилесек, 15-августта Чолпон-Ата шаарында кайгуул кызматкери Элистан Арзыбековду унаа сүзүп кеткен. Окуя кызмат учурунда болгон - Арзыбеков Ысык-Көл облусуна иш сапары менен барып, жол тыгынын көзөмөлдөп жаткан.

Жабыркаган кызматкер дароо ооруканага жеткирилип, ага медициналык жардам көрсөтүлгөн. Абалы оор, комада жатканы маалым болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17029